БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Москвада ата-энесинин камкордугусуз калган үч бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.
Балдарды алып келүүнү аталган министрлик, Саламаттык сактоо министрлиги жана Россиядагы элчилик уюштурган.
"Эми балдардын үй-бүлөсүн таап, алардын абалына баа берилмекчи. Бул процесс социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоону камтыйт", — деп жазылган маалыматта.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2011-жылдан бери кароосуз калган 178 бала мекенине кайтарылган.