БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Өлкө аймагында "Коомдук транспорт" аталышындагы рейд жүрүп, автобус менен маршрутканын 2 630 айдоочусуна айып пул салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Айып пулдун жалпы суммасы 4 миллион 182 миң сомду түзгөн. Бул — эки күндө жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы.
Жол милициясы катуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкеге чыгып, туура эмес жерден токтоп, ашыкча киши салган айдоочулар жазаланганын билдирди.
Ошондой эле айрымдарынын транспорту тиешелүү техникалык талаптарга жооп бербей же документтери жок болуп чыккан.
Рейд 3-мартта аяктайт.