Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

“Эмгек текке кетти”. Украиначыл сенатор Ак үйдөгү жаңжалга комментарий берди

Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. АКШ сенатындагы Владимир Зеленскийдин эң негизги тарапташы Линдси Грэм* Украина менен мамилени жакшыртуу эмгеги текке кеткенин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Грэм Ак үйдөгү жаңжалга төмөнкүдөй комментарий берген:
Зеленскийдин жүрүм-турумун сынга алып, АКШ менен Украинанын мамилесин жакшыртуу үчүн көп адамдын эмгеги текке кеткенин белгиледи;
Грем Зеленскийди мындан кийин өзүнүн “иштеги өнөктөшү” катары көргүсү келбегенин айткан;
бул жолугушуудан кийин АКШнын Украинага жардам берери күмөн;
Зеленский Трамп менен вице-президентке кылган мамилеси үчүн кечирим сурап, америкалыктарга жардамы үчүн аз да болсо ыраазы болушу керек;
Зеленский менен Трамптын кечээ Вашингтондо болгон жолугушуусу уруш менен аяктаган. ЖМКлардын айтымында, сый-урмат сезилбей калгандан кийин Трамп Зеленскийди “кубалап” чыккан. Вашингтон менен Киевдин ортосундагы сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кол коюу токтотулган.
* РФте террористтердин жана экстремисттердин тизмесине киргизилген
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Чуулгандуу сүйлөшүүдөн кийин АКШ Украинага жардам берүүнү токтотууну кароодо