Чет өлкөдө төрөлгөн Кыргызстандын жарандарына консулдуктар ПИН ыйгара алатЧуулгандуу сүйлөшүүдөн кийин АКШ Украинага жардам берүүнү токтотууну кароодоРамазан айында мечиттердин айланасында жол коопсуздугу күчөтүлөтРамазан айында мечиттердин айланасында жол коопсуздугу күчөтүлөт. Бул тууралуу онлайн кеңешмеде айтылганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков кеңешмеде Рамазан айында жол инспекторлору мечиттердин айланасында жол коопсуздугун камсыздоосун, тагыраагы жума жана таравих намазы учурларында жол жээктерине жакын жайгашкан мечиттердин жанында жол тыгындарын жөнгө салуу боюнча иш мерчемдерди түзүп, коопсуздукту күчөтүү тапшырмаларын койду. Ошондой эле жыйында жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана Мониторинг борборунун ишмердүүлүгү талкууланды.
Кыргызстандын элчиликтери жана консулдуктары 16 жашка толо элек кыргыз жарандарына ПИН берүү үчүн документтерди кабыл алат. Тиешелүү токтом министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды. Ага ылайык, чет өлкөлөрдөгү мекемелер аркылуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор 2026-жылга чейин узартылган. Мындан тышкары, туулгандыгы боюнча Кыргызстандын жараны болгон 16 жашка толо элек балдарга жеке идентификациялык номер алуу үчүн документтерди тапшырууга болот. Чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери аны кабыл алып, кароого жана чечим кабыл алууга жиберет. Документтерди кабыл алуу автоматташтырылган маалыматтык система (АИС) аркылуу жүргүзүлөт.
“Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунда 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө арналган “Сүйүктүү апам” аталышындагы балдардын сүрөт көргөзмөсү өттү. Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, маданияттын жана билим берүүнүн отличниги, Балажан” борборунун живопись студиясынын мугалими Наталья Овчинникова билдиргендей, көргөзмөдөгү сүрөттөрдү 4 жаштан 14 жашка чейинки балдар акварель, гуашь сыяктуу боёктор менен аралаш техникада тартышкан.Анын айтымында, көргөзмөгө 90 эмгек коюлуп, анда ар бир бала өз апасынын сүрөтүн тарткан. “Сүрөт көргөзмөнү айымдар күнүнө карата жыл сайын салттуу түрдө өткөрөбүз. Быйылкы көргөзмөдө балдар биринчи жолу өз эмгектерин тартуулап жатышат. Сүрөттөрдө балдардын энеге, жаратылышка болгон сүйүүсү чагылдырылган”, - деди Наталья Овчинникова.
Зеленский менен макулдашуу бузулгандан кийин Трамптын администрациясы Украинага аскердик жардам берүүнү токтотууну карай баштады. Бул тууралуу Washington Post өзүнүн маалымат булактарына таянып жазды. Зеленский менен Трамптын кечээ Вашингтондо болгон жолугушуусу уруш менен аяктаган. ЖМКлардын айтымында, сый-урмат сезилбей калгандан кийин Трамп Зеленскийди “кубалап” чыккан. Вашингтон менен Киевдин ортосундагы сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кол коюу токтотулган.АКШнын баш катчысы Зеленский менен Трамптын жолугушуусу ийгиликсиз өткөнүн белгилеп, Зеленскийди кечирим суроого чакырды; Зеленский америкалык телеканалдын түз эфиринде кечирим суроодон баш тартып, болгон окуя эки тарапка тең “пайдасыз” болгонун айтты.Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 91 сом 64 тыйынга рубль 1 сом 10 тыйын Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 40 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 40 тыйындан 71 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 70 сом 30 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 36 сом, 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ2-мартка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшөт. 2-мартта республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +6...+11, Талас жергесинде +4...+9, Ош, Жалал-Абад облустарында +8...+13, Баткен аймагында +7...+12, Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө +2...+7 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +9...+11, Ош шаарында +10...+12 градуска чейин көтөрүлөт.