Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров Баткен, Араван, Жайыл райондорунун акимдерин жана Баткен шаарынын мэрин дайындады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, Баткен районунун акими болуп Данир Иманалиев дайындалды. Ошондой эле Араван районуна Данияр Эркимбаев башчы болуп барды. Ал эми Жайыл районунун мындан ары Имамназар Бурканов жетектейт. Мындан тышкары, Темирболот Абыкеев Баткен шаарынын мэри кызматын ээледи.
Бүгүн, 1-мартта, Кыргызстанда Орозо айы башталып, өлкөнүн бардык мечиттеринде таварих намазы окулганын муфтияттан кабарлашты. Муфтий Абдулазиз Закиров кыргызстандык мусулмандарды Орозо айы менен куттуктап, ушак, жалаа жабуудан алыс болууга, тарбияга, ынтымакка чакырды. Ал ошондой эле элди ооз ачууда ысырапкорчулук кылбоого үндөгөн. “Ысырапкорчулук – ырыскынын жоголушу. Ысырапты бир гана ифтар маалында эмес, дегеле өмүрүбүздү ысырап менен өткөрүүгө жол бербешибиз керек. Убакытты бекер текке кетирбей, аш-тойлордо да ашыкча ысырап кылбай, ар бир ырыскыны туура баалап, сарамжалдуу колдонолу. Ыйык Рамазан – ашыкча ысырап эмес, жөнөкөйлүк жана ыраазычылыктын айы”, — деген муфтий куттуктоо сөзүндө. Быйыл Орозо айы 29 күнгө созулуп, Айт намаз 30-мартта окулмакчы.
Быйыл өлкөнүн агроөнөр жай комплексинде 55 жаңы ишкана ачылары күтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ишканалар министрликтин ар тараптуу колдоосу менен экспорттук инфраструктура жана кайра иштетүү өнөр жайы тармагында ачылат. Алар 13 соода-логистикалык борборлор жана кампалар; 6 этти кайра иштетүү жаатындагы ишканалар; 6 балык өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү ишкана; 11 жашылча-жемиштерди кайра иштетүү ишкана; 1 жер семирткичтерди чыгаруучу завод; 1 тамеки заводу; 4 данды кайра иштетүү жана кондитердик азыктарды өндүрүү ишканалары; 3 жүндү жана пахтаны кайра иштетүүчү ишкана; 3 май сыгуучу цех; 5 сүттү кайра иштетүүчү ишкана; 2 карантиндик фитосанитардык лаборатория болмокчу.Аны каржылоо үчүн жалпысынан республикалык бюджеттен жана чет элдик инвестициялык каражаттарды тартуунун эсебинен 33 млрд 196 млн сом сарпталаары пландалган.
Москвада ата-энесинин камкордугусуз калган үч бала Кыргызстанга кайтарылды Балдарды мекенге алып келүүнү Эмгек жана Саламаттык сактоо министрликтери менен Россиядагы элчилик уюштурган. Эми балдардын үй-бүлөсүн таап, алардын абалына баа берилмекчи. 2011-жылдан бери кароосуз калган 178 бала мекенине кайтарылган.
Японияда токойдогу өрттөн улам 80ден ашуун үй өрттөнүп, 3 миңдей адам эвакуацияланууда. Бул тууралуу Kyodo агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, Япониянын түндүк-чыгышындагы өрт Офунато шаарынын кеминде 1200 гектар жерин каптады. Өрттүн кесепетинен шаршемби күнү бир адам каза болуп, 80ден ашуун үй күйүп кетти. Офунатодогу мектеп жана бала бакчалар жабылды, жүздөгөн үйлөр жарыксыз калды. 3 миңден ашуун жергиликтүү тургундар эвакуацияланууда. Тилсиз жоону өчүрүү үчүн атайын унааларга кошумча тик учактар да тартылды. Япониянын премьер-министринин кеңсесинде координациялык штаб түзүлдү.