Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Чүй облусунда жер тилкелерин мыйзамдаштырууга 43 миңден ашык арыз түшкөн"Киевде сейрек металлдар жок". ЖМКлар тараткан маалыматОрозо-2025. Бишкекте жүздөн ашык мечит текшерилдиАлдыда кененирээкЖалпы мусулмандар үчүн ыйык Орозо айынын алдында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Бишкек шаарындагы жүздөн ашык мечитти текшерди. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгы билдирди. Маалым болгондой, жумушчу топ жума намазы окулган жерлерди кыдырып, мечиттер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Тазалык маселелерине жана мечиттердин динге ишенгендерди кабыл алуу деңгээлине өзгөчө көңүл бурулду. Бардык сын-пикирлер эске алынганын жана кемчиликтер четтетилгенин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирет.
Чүй облусунда жер тилкелерин мыйзамдаштыруу иштери башталгандан бери жарандардан 43 миң 267 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Назгүл Жоомартова Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, буга чейин 31 741 арыз каралган. «Мунапыс административдик-аймактык реформага чейин болгон жана азыр да уланууда. Биз Бишкекке аткарылган актылары менен 17 753 арыз тапшырдык», — дейт Назгүл Жоомартова. Эске салсак, жерге мунапыс 2022-жылы башталган. Бишкекте ал 2025-жылдын аягына чейин бүтөт.
Жазгүл Карбосова өкмөттүк «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасынын тиешелүү буйругуна 26-февралда кол коюлган. Жазгүл Карбосова акыркы бир жылдан бери Мамлекеттик ипотекалык компаниянын калкты тейлөө бөлүмүндө жетектөөчү адис кызматын аркалап, ага чейин журналистика тармагында эмгектенген — адегенде түрдүү басылмаларда кабарчы, кийинчерээк бир катар гезит-журналдарда редактордун орун басары, башкы редактору болуп иштеген. «Эркин-Тоо» гезитинин мурдагы башкы редактору Нарала Асанбаевдин кызматтан кеткени 20-февралда белгилүү болду. Ал кызматтан өз каалоосу менен кеткенин айткан. «Эркин-Тоо» — өкмөттүк гезит; анын башкы редактору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалат.
Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында сейрек кездешкен кендер тууралуу Владимир Зеленскийдин айткандары калп экени туурасында жазыла баштаганын Sputnik Ближнее зарубежье Франциянын журналына таянып кабарлады. "Литий Украинада казылбайт, анын көлөмү абдан аз болгондуктан бизнес АКШ үчүн пайдалуу болбойт. Украинада литийдин кени төрт эле жерде болсо, анын экөөнө Киев ээлик кыла албай калган", — деп жазылган маалыматта. Белгилей кетсек, февралдын башында АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Украинадан көрсөткөн финансылык жана аскердик жардамы үчүн сейрек кездешүүчү металлдарга ээлик кыларын кепилдеген документ күтүп жатканын айткан. Анткен менен Америка сунуштаган макулдашууга кол коюудан Зеленский баш тартып койгон. Кийинчерээк Трамп Киев макулдашууну үзгүлтүккө учуратты деп нааразы болгону маалым. Америкалык лидер Украина акыры келишимге кол коерун, болбосо анын кесепетин тарта турганын билдирген эле.