Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Чуулгандуу сүйлөшүүдөн кийин АКШ Украинага жардам берүүнү токтотууну кароодо

Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Зеленский менен макулдашуу бузулгандан кийин Трамптын администрациясы Украинага аскердик жардам берүүнү токтотууну карай баштады. Бул тууралуу Washington Post өзүнүн маалымат булактарына таянып жазды.
Зеленский менен Трамптын кечээ Вашингтондо болгон
жолугушуусу уруш менен аяктаган. ЖМКлардын айтымында, сый-урмат сезилбей калгандан кийин Трамп Зеленскийди “кубалап” чыккан. Вашингтон менен Киевдин ортосундагы сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кол коюу токтотулган.
Ак үйдөгү чуулгандуу сүйлөшүүдөн кийинки окуялар:
Трамптын администрациясы Украинадагы атышууну токтотууга алы жетээрине көзү жетпей турат;
Украинадагы жер казынасын биргелешип иштетүү боюнча келишимге кол коюлбагандан кийин Трамп Зеленскийге Ак үйгө кайтып келүүгө уруксат берген жок;
Трамп Зеленскийден Путинди сынга алуунутоктотууну талап кылды;
Зеленский тынчтыкка келем деп айткандан кийин гана Украина сүйлөшүүлөрдү уланта аларын АКШ президенти билдирди. Зеленский колундагы “алсыз караталары” менен ашыкча ойноп койгон;
Трамп АКШ 10 жылга созулчу жаңжалды эмес, тынчтыкты издеп жатканын айтты. Ал эми Зеленскийдин планы мындан айырмаланууда;
АКШнын баш катчысы Зеленский менен Трамптын жолугушуусу ийгиликсиз өткөнүн белгилеп, Зеленскийди кечирим суроого чакырды;
Зеленский америкалык телеканалдын түз эфиринде кечирим суроодон баш тартып, болгон окуя эки тарапка тең “пайдасыз” болгонун айтты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШга барган Зеленский Трамптан жеме угуп, сапарынын аягына чыкпай кайтты