Түркиялык компания Бишкектеги ЖЭБ-2нин курулушуна 3 млрд. сом салары күтүлүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Түркиялык компания Бишкектеги ЖЭБ-2нин курулушуна 3 миллиард сом салууну пландоодо. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев менен "Орто азиялык инвестициялык холдингдин" башкы директору Орен Ахмет Мюжахиддин жолугушуусунда маалым болду.
Анда тараптар объектинин техникалык-экономикалык негиздемесин үч айдын ичинде бүтүрүп, ишти тездетүүнү макулдашкан.
ЖЭБ-2 газ станциясын куруу долбоору жалпысынан 443 миллион долларга бааланган. Аны 2-4 жыл ичинде ишке ашыруу пландалууда.
Эске салсак, былтыр "Орто азиялык инвестициялык холдинг" менен Кыргыз өкмөтү инвестициялык келишимге кол койгон.
Үч ири долбоорго мамлекеттик маанидеги статус берилди. Анын ичинде ГЭСтер бар