Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Украинадагы согушту каржылоону каалабай тургандыгын айтты

АКШ президенти Дональд Трамп
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы маани-маңызы жок согушка "миллиарддарды, миллиарддаган доллар" жумшоо ниети жоктугун айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Украинадагы мааниси жок согушка премьер-министр (Улуу Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер - ред.) же башкалар сыяктуу миллиарддарды, миллиарддаган долларды төлөгүм келбейт", — деди Трамп аталган өкмөт башчы Стармер менен биргеликте берген маалымат жыйын учурунда.
Ал жолугушуу учурунда Украинанын НАТОго кирбей турганын да айтты.
"Ишке ашпай турганы нерсе", — деген ал журналисттин бул жааттагы суроосуна жообун узатып жатып.
Мындан сырткары, Украинадагы согуш отунун токтошу алардын тынчтыкка жасаган кезектеги кадамы экендигин белгилеген.
"Биз жасай турган кезектеги кадам — кармашууну токтото ала турган макулдашуу, бул тез эле болот деп ойлойм", — деген АКШ президенти.
Трамп киев режиминин жетекчиси Владимир Зеленский менен мамилеси илгертен эле жакшы экенин, болгону акыркы учурда сууй түшкөнүн белгилеген. Ал эми аны "диктатор" деп атаганы тууралуу суроого "ошентип айттымбы, ишене албай турам" деп жооп берген.
Россиялык аскер кызматкерлери. Архив
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Украина маселеси Россиянын пайдасына чечилерин айтты