Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Асанбек Оторбаев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган кыргызстандыктар тууралуу материалдарды жарыялоону баштайбыз.
Sputnik
Кеп кезеги 20 жашында эрдик көрсөтүп курман болгон кенже сержант Асанбек Оторбаев тууралуу баянда.
Оторбаев 1925-жылы Талас облусундагы Талас районунун Чат-Базар айылында туулган. Улуту — кыргыз. Жети классты бүтүп, Фрунзе облусундагы (азыркы Талас обл. — ред) Будённый районуна караштуу Жан-Арык колхозунда иштеп калат.
1943-жылдын январында Оторбаев Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясынын катарына чакырылат. Ошол эле жылдын август айынан тарта Ленинград жана 1-Украин фронтторунда согушка кирип, алгач 55инчи, андан кийин 42-армияга катталат.
1944-жылдын январына чейин Ленинграддын алдындагы согуштарга катышкан. Шаардык фашисттердин курчоосунан куткаруу боюнча операцияга катышкан. 1944-жылдын 10-февралында жаракат алып, мартта кайрадан согушка кирет да, Псковдун алдындагы кармаштарга катышат. 1944-жылдын июнунда Выборг чабуул койгон операциясына катышып, Каармандыгы үчүн медалы менен сыйланат.
1945-жылы Оторбаев 1-Украин фронтунун 59-армиясынын 13-аткычтар дивизиясынын 296-аткычтар полкунда пулемётчу катары Одер дарыясынан өткөндө өзгөчөлөнгөн. Ушул эле жылы Одердин башка жээгиндеги Вальдич айылына жакын жердеги кармаштагы плацдармды колдон чыгарбай кармап туруу учурунда гитлердик беш контрчабуулду кайтарып, каршы тараптын 25 аскерин, офицерин жок кылган. Алтынчы контрчабуул учурунда Оторбаев өмүрүн тобокелге салып, эки граната менен душмандын өзү жүрүүчү артиллериялык куралын жок кылган.
Каарман жигиттин сөөгү Польшада Ополе воеводствосунун Кендзежинск-Козлк повятынын Кендзежин-Козле шаарындагы Боордоштор мүрзөсүнө коюлган.
1945-жылы СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен Одер дарыясынан кечип өтүүдөгү жана плацдармды кеңейтип кармап туруудагы каармандыгы, эрдиги үчүн кенже сержант Асанбек Оторбаевге Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Эрдик медалы, Ленин, Кызыл Жылдыз жана Советтер Союзунун Баатырынын Алтын жылдыз ордени менен сыйланган.
Асанбек Оторбаевдин киндик кан тамган айылына бюсту, ал эми өзү жашаган тамга мемориалдык такта орнотулган. Чат-Базардагы орто мектепке, бир көчөгө аты берилген.
Маалымат үчүн: Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулган. Согуш жылдарында СССР 26,6 миллион адамынан ажыраган. Алардын ичинен 8,7 миллиондон ашууну согуш талаасында курман болгон, 7,42 миллион адам оккупацияланган аймактарда фашисттер тарабынан атайылап жок кылынган. 4,1 миллиондон ашыгы оккупациялык режимдин катаал шарттарынан көз жумган.
Кыргыз ССРинен Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышып, 152 миңден ашууну курман болгон. Калганы ар кайсы жылдары кайтып келген. Бул кандуу кагылыштарда тайманбастыгы, баатырдыгы үчүн 150 миңдей командир жана жоокерлер орден-медалдар менен сыйланган, 21 кыргызстандыкка Даңк орденинин толук кавалери, ал эми 70тен ашуун жараныбызга эң жогорку — Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Булардын ичинде биз жогоруда сөз кылган Асанбек Оторбаев да бар.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Балдар да күнү-түнү иштеген. Кыргызстандыктардын тылдагы үндөбөй жасаган эрдиги