БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Мамлекеттик цирк Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин карамагынан чыгарылды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Маалыматка ылайык, Абубакир Изибаев атындагы цирк мамлекеттик ишкана катары кайра түзүлүп, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин карамагына өткөрүлөт.
Мекеме толугу менен өзүн-өзү каржылоого өтүп, уставы жаңыланары айтылды.
Токтом расмий жарыялангандан (28-февраль чыкты) 10 күндөн кийин күчүнө кирет.