БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандын элчиликтери жана консулдуктары 16 жашка толо элек кыргыз жарандарына ПИН берүү үчүн документтерди кабыл алат. Тиешелүү токтом министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, чет өлкөлөрдөгү мекемелер аркылуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор 2026-жылга чейин узартылган.
Мындан тышкары, туулгандыгы боюнча Кыргызстандын жараны болгон 16 жашка толо элек балдарга жеке идентификациялык номер (ПИН) алуу үчүн документтерди тапшырууга болот. Чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери аны кабыл алып, кароого жана чечим кабыл алууга жиберет.
Документтерди кабыл алуу автоматташтырылган маалыматтык система (АИС) аркылуу жүргүзүлөт.