БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандын жылуу аймактарында жылына эки жолу түшүм алууга өтүү зарыл. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Ал "Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда өсүмдүк селекциясынын жана үрөнчүлүк өсүмдүктөрүнүн ролу" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда сүйлөгөн.
Төрөбаев климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу эрте жазда улам үшүк жүрүп дыйкандарга олуттуу зыян алып келип жатканын белгиледи.
"Айдоо жерлеринин чоң аянттары орто тоолуу, деңиз деңгээлинен 1 200 метр бийиктикте жайгашкан. Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустарында өсүмдүк өстүрүүдө жаңы технологияларды туура пайдалануу менен жылына эки түшүм алууга толук кандуу өтүү зарыл", — деди Төрөбаев.
Министр Кыргызстанда сугат суу жеткиликтүү жана көпчүлүк аймак күнөстүү болгондуктан өсүмдүк өстүрүүгө жана багбанчылыкты өнүктүрүүгө жакшы шарт бар экенин кошумчалады.