БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Каракол шаарындагы лыжа базасында каза болгон сноубордчу досу менен кагышып кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБи билдирди.
Тергөөнүн маалыматына караганда, адам алган жараатынан улам мүрт кеткен. Факт маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Милиция экспертиза дайындаган.
Sputnik агенттигине маалымат булак билдиргендей, 1982-жылкы Ж.В. жана анын досу — Казакстандын жарандары.