Иран ЕАЭБ менен болгон эркин соода аймагы боюнча макулдашууну ратификациялады

Тегерандагы Ирандын улуттук желеги. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Иран менен Евразиялык экономикалык биримдиктин ортосунда эркин соода аймагын түзүү боюнча макулдашууну аталган өлкөнүн Межилиси ратификациялады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Аталган келишим марттын аягы, апрелдин ичинде ишке кирмекчи.
"Соода, кен жана өнөр жай министри Мохаммад Атабактын айтканына таянсак, ЕАЭБ менен болгон соода аймагын түптөө боюнча макулдашуусун Ирандын парламенти ратификациялады. Эми ал марттын соңу, апрель айынын ичинде ишке ашырыла баштайт", — деп айтылган маалыматта.
Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук мындан бир нече күн мурда, тагыраагы, 18-февралда, Иран ЕАЭБ менен эркин соода аймагы боюнча макулдашууну ратификациялоо иштеринин аяктап калганын айткан эле.
Иран желеги. Архив
ЕАЭБ: Иран менен эркин соода келишими боюнча уюмдагы процедуралар бүттү