БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Баткен, Араван, Жайыл райондорунун акимдерин жана Баткен шаарынын мэрин дайындады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, Баткен районунун акими болуп Данир Иманалиев дайындалды.
Ошондой эле Араван районуна Данияр Эркимбаев башчы болуп барды. Ал эми Жайыл районунун мындан ары Имамназар Бурканов жетектейт.
Мындан тышкары, Темирболот Абыкеев Баткен шаарынын мэри кызматын ээледи.