БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер АКШ президенти Дональд Трамп менен болгон жолугушууну жыйынтыктаган маалымат жыйында өлкө Украинага арбын аскердик жардам берерин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Украинага быйыл мурда болуп көрбөгөндөй аскердик жардам беребиз. Бул аптада эле коопсуздук боюнча оор жүктүн көбүн моюнга кантип аларыбызды айтып бердим", — деген Ак үйдө журналисттерге.
Ал Трамптын Украинаны колдоо маселесинде Европа зор ролду өзүнө алыш керек дегенине макулдугун билдирген. Бирок муну менен катар эле Стармер Украина боюнча тынчтык макулдашуусунун түзүлүшүнө берген мүмкүнчүлүк үчүн ыраазылык да айткан.
"Тынчтык макулдашуусун түзүүгө мүмкүнчүлүк жаратып, сүйлөшүүнүн нугун өзгөрткөнүңүзгө рахмат. Тынчтык келишими узак жана бекем болоруна ынаныш үчүн сиздер менен иштешкибиз келет", — деген Стармер.
Британ премьери Украинадагы кырдаалды жөнгө салган алдыдагы макулдашуу "тарыхый" документ болорун белгилеп, аны эч ким бузбашы керектигин кошумчалаган.
Мындан мурдараак РФ лидери Владимир Путин Батыш элитасынын бир бөлүгү АКШ менен Россиянын түптөлүп келе жаткан байланыштарын үзүүгө аракет кылып жатканын айткан. Муну алдын алыш үчүн дипломатия менен атайын кызматтардын бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу зарылдыгын белгилеген.
Эске салсак, 2025-жылдын 18-февралында Эр-Рияд шаарында Россия менен Америка өкүлдөрүнүн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү өткөн. Анын жыйынтыгында тараптар кызматташууну жаңы тепкичке чыгаруу үчүн бардык шарттарды түзүү, элчиликтердеги чектөөлөрдү жоюу жана Украинадагы абалды жөнгө салуу процессин баштоо боюнча келишим түзүшкөн.