БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бишкектин көчөлөрүнө себилген туздан улам топуракта сульфат 2-12 эсе, хлорид 9,6-14 эсе жогору экени аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматында айтылат.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев министрликке шаардын көчөлөрүндөгү музду эритүү үчүн кандай заттар колдонуларын сурап кат жөнөткөн.
Министрликтин депутатка берген жообуна ылайык, мэрия 2021-жылдан тарта жолго кум-туз аралашмасынын ордуна техникалык туз себүүгө өткөн. Буга кум менен туз аралашмасы музду эрите албаганы жана кум көчөлөрдү чаңдатып жатканын жүйө келтирген.
Жаратылыш министрлиги "Тазалыкка" жолго техникалык тузду азыраак себүү өтүнүчү менен кайрылган. Мындай туз айлана-чөйрөгө канчалык зыян келтирип жатканын баалоо үчүн төрт участоктон топурактын үлгүсү алынган. Жыйынтыгында хлорид, сульфат нормадан жогору чыккан.
Ачык булактардан алынган маалыматка караганда, топуракта хлориддин көп болушу фотосинтез процессинин бузулушуна алып келип, дем алууну кыйындатат. Ал эми сульфаттын көп болушу жерди арыктатып, айлана-чөйрөгө терс таасир этет.