"Ала-Тоо" породасындагы койлорго патент алууга укук берилди

Койлор. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. "Ала-Тоо" породасындагы койлорго патент алууга укук берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечим бул породаны сынаган комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен кабыл алынган.
"Кыргыз мал чарба жана жайыттар илим-изилдөө институтунун илимий-техникалык кеңеши "Ала-Тоо" породасындагы койлорду сыноо боюнча комиссиянын жыйынтыгын карап, ага укуктук статус берүүгө макулдук берди. Эми эт-май багытындагы "Ала-Тоо" породасындагы кыргыз койлоруна патент алууга болот", — деп жазылган маалыматта.
Эт-май багытындагы "Ала-Тоо" породасы жергиликтүү кыргыз койлоруна гиссар кочкорлорун аргындаштыруу жолу менен алынган.
Уй жана койлор. Архив
Министрлик уй, кой, жылкыны тукумуна жараша облустарда багууну сунуштады