Быйыл Орозо айы 1-мартта башталып, мусулмандар 30 күн бою орозо кармайт. Бул айда орозо туткан мусулман сабырдуулукту,кечиримдүүлүктү жана тазалыкты бекемдейт. Ошондой эле кайрымдуулук кылууга басым жасап, көбүрөөк жакшылык кылганга аракет кылышат. Орозо тутууну ниет кылган адам руханий жактан даярдануусу абзел. Материалдык, физикалык даярдануу маанилүү эмес. Негизи боюнда бар аялдар, этек кири келип жаткан кыз-келиндер, бала эмизген энелер, оорукчан адамдар орозодон бошотулат.
Ал эми улгайган адамдар себепсиз орозо кармабаса анда алар ооз ачтырууга милдеттүү экенин Кыргызстан мусулмандарынын динбашкармалыгынын Ажылык-Умра бөлүмүнүн адиси Абдулазиз ажы Туташбаев айтып берди.