Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүү керекпи?

Sputnik
Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнө турганын Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Элдик курултайда билдирген. Анда мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү өзүнчө Агартуу министрлиги, ал эми Жогору билим жана илим министрлиги өзүнчө түзүлүшү керек.
Билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдүн натыйжасы, реформа, 12 жылдык окуу, мектеп менен ата-энелердин ортосундагы мамиле тууралуу “Күн башат” программасында коомдук жана мамлекеттик ишмер, мурдагы билим берүү министри, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Болжурова пикири менен бөлүштү.