1-мартка карата аба ырайы

1-мартка караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 1-март, ишембиде, республиканын айрым аймактарында кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Таласта +2...+7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көлдө +2...+7, Нарын өрөөнүндө -1...+4 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +3…+5, Ош шаарында +9...+11 градусту көрсөтөт.
Ала-Тоо породасындагы койлорго патент алууга укук берилди