Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун бир бөлүгүн кеңейтип, акы төлөтүү сунушталууда

Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт трассасындагы айланма жолдун бир бөлүгүн кеңейтип, акы төлөтүү пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай ыкма жолду курууга жана тейлөөгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн керек.
"Министрлик мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде жол курууга инвесторлорду издөөдө. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун (30,6-90-чакырымдары) 59,4 чакырымы алты тилкелүү болуп реконструцияланып, акы төлөнүүчү болот", — деп айтылган маалыматта.
Министрлик Бишкек — Нарын —Торугарт трассасындагы ички жол альтернативдүү болорун кошумчалады.
Кыргызстанда 6 айдан кийин лицензиясыз таксилердин ишине тыюу салынат