Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский бир шарты аткарылбаса экинчи макулдашууга кол койбой турганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский сейрек кездешүүчү металлдар боюнча түзүлгөн алкактык келишимден кийин болчу АКШ менен экономикалык кызматташуу тууралуу макулдашууда коопсуздук кепилдиги камтылбаса документке кол койбой турганын айтты. Бул тууралуу Economist өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазганын РИА Новости кабарлады.
"Зеленский коопсуздуктун кеңири кепилдиги каралбаса кийинки макулдашууга кол койбойт", — деп айтылат маалыматта.
Басылма түзүлө турган келишим алкактык макулдашуудан айырмаланып Жогорку Радада ратификацияланышы кажет экенин жазды.
Эскерте кетсек, Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт америкалык администрация Украина менен минералдык ресурстар боюнча түзүлчү келишимге ушул аптада кол коюуга ишеним артып жатканын билдирген.
Зеленский өз кезегинде бул макулдашууну алкактык документ деп атоодо. Анын айтымында, эми инвестициялык фонд түзүү тууралуу келишим түзүлөт. Economist түшүндүргөндөй, сейрек кездешүүчү металлдар боюнча макулдашууда Украина үчүн коопсуздук кепилдиги так жазылган эмес, кийинки документте мунун баары конкреттештирилип такталмакчы.
Белгилей кетсек, февралдын башында АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Украинадан көрсөткөн финансылык жана аскердик жардамы үчүн сейрек кездешүүчү металлдарга ээлик кыларын кепилдеген документ күтүп жатканын айткан. Анткен менен Америка сунуштаган макулдашууга кол коюудан Зеленский баш тартып койгон.
Кийинчерээк Трамп Киев макулдашууну үзгүлтүккө учуратты деп нааразы болгону маалым. Америкалык лидер Украина акыры келишимге кол коерун, болбосо анын кесепетин тарта турганын билдирген эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинага тынчтык орнотуучу аскерлерди киргизүү туурасында Трамп үн катты