БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Парламенттин биргелешкен комитети кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууларды колдоп берди.
Жогорку Кеңештин депутаттарына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасады.
Төмөнкү үч макулдашуу колдоо тапты:
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуу;
Автомобиль жолдорун куруу, жабдуу жана кесилиштерди пайдалануу (Төрт-Көчө) боюнча макулдашуу;
Эки өлкөнүн министрлер кабинеттери ортосунда суу чарба жана энергетика объектилерин жеткиликтүү камсыз кылуу боюнча макулдашуу.