Радио

Ногойбаев: учурда 3 387 үй-бүлө кооптуу тилкеде жашайт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин координациялоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Чыңгыз Ногойбаев өлкөдө табигый мүнөздөгү кооптуу делген 1 592 тилке бар экенин айтты.
Sputnik
Өлкөдө кооптуу тилкеде жашаган 3 387 үй-бүлөнүн ичинен 2 500 кожолук мамлекеттен жер жана атайын насыяларды алган. Бул тууралуу Чыңгыз Ногойбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү кызматтар тарабынан көптөгөн түшүндүрүү иштери жүргөнүнө карабастан кооптуу тилкеден көшөрүп көчпөгөндөр абдан көп.
"Өлкө аймагында жалпы табигый мүнөздөгү кооптуу делген 1 592 тилке бар. Мунун ичине жер көчкү, сел каптоо, кар көчкү, бийик тоодогу көлдөр, жер алдындагы суулар, таш кулоо сыяктуу коркунучтар кирет. Кооптуу тилкелердин басымдуу бөлүгү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында. Мындай жерде жалпы 3 387 үй-бүлө жашайт. Анын ичинен 2 500 үй-бүлө коопсуз жайларга көчүү үчүн мамлекеттен жардам алган. Жер тилкеси жана атайын насыялар берилген. Бирок көмөк алганына карабастан кооптуу тилкеден көчпөй жашап жаткандар абдан көп. Биздин кызматкерлер менен бирге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да иш алып барат. Бирок бүгүнкү күндө аларды көчүрүү абдан кыйын болуп жатат", — деди Ногойбаев.
Ошондой эле ал кооптуу тилкелерге тийиштүү адистер тынбай көзөмөл жүргүзүп турарын кошумчалады.