Трамп ЕБден келген товарлардан акча алынарын жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Европадан келген товарларга, анын ичинен автокөлүктөргө 25 пайыздык алым киргизген чечим чыгарарын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Бул боюнча чечим кабыл алдык. Жакында жарыялайбыз. Жалпысынан алганда бул 25 пайызды түзүп, автокөлүк жана башкаларына да тиешелүү болот", — деген ал министрлер кабинетинин биринчи отурумунда.
Трамп Европа биримдиги америкалык автоунааларды кабыл албай жана АКШга басым жасап жаткандыгын кошумчалаган.
"Канадага караганда Европа биримдиги таптакыр башка нерсе, себеби алар чындыгында эле бизди башкача колдонуп келген. Автокөлүктөрүбүздү да кабыл ала беришпейт", — деген Трамп.
Президент муну менен катар эле аталган биримдикти Америкага карата ичи жылыбайт деп күнөөлөдү.
"Келгиле, ачык але айталы. Европа биримдиги Кошмо Штаттарды алдаш үчүн түптөлгөн. Алар койгон максатына жетти. Бирок эми мен президентмин", — деген Трамп.
Путин: Трамп Европаны заматта эсине келтирет