Пара берип жаткан жеринен Чолпон-Атанын тургуну кармалды

Пара берип жаткан жеринен Чолпон-Атанын тургуну кармалды
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Пара берип жаткан жеринен Чолпон-Атанын тургуну кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чекисттер Чолпон-Атада мүлктү мыйзамдаштырып алуу боюнча К.К. аттуу жаранга карата текшерүү баштаган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү УКМК кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара сунуштап, 29 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кошумчаланды.
Таблеткалар. Архив
Ошто катуу таасир этүүчү дарыларды Өзбекстанга мыйзамсыз ташыган топ кармалды