БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишкердик активдүүлүктүн оң динамикасы сакталууда. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын экономикасындагы ишкердик активдүүлүк өсүү динамикасында болсо, ал эми Армения менен Беларустуку жайлап жатат.
Комиссиянын мартка карата божомолуна ылайык, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанда учурдагы тенденция сакталат. Ал эми Россияныкы басаңдоого өтсө, Арменияда жайлоо уланат.
"ЕАЭБдеги ишкердик активдүүлүктүн динамикасы кыска мөөнөттүү келечекке божомолдонот. Анда экономиканын негизги тренддери жөнүндө маанилүү маалыматтар камтылат", — деп белгилейт ЕЭК.