Легалдаштырылган унааны кожоюнунан бөлөк бирөөнүн айдоосуна тыюу салуу көздөлүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Легалдаштырылган унааны кожоюнунан башкага берүүгө тыюу салынат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Маалыматка ылайык, эрежени бузгандарга миң сом айып салуу каралууда.
Мыйзам долбоорун сунуштап жаткан ИИМ аталган норма "дагы мунапыс берилет" деген үмүт менен каттоого алынбаган унааларды ташып келүүнү алдын аларын белгилеген.
Эске салсак, оң рулдуу унаалар 1-марттан тарта этап-этабы менен мыйзамдаштырылат. Легалдаштыруу 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга ташылып келген унааларга тиешелүү. Баасы 100 миң сом болушу мүмкүн экени айтылган.
Кыргызстанда 6 айдан кийин лицензиясыз таксилердин ишине тыюу салынат