БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Тажикстандын Кыргызстандагы Кайрагач анклавы жоюлат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Жогорку Кеңештеги баяндамасынан белгилүү болду.
Анын айтымында, Лейлек районунан Тажикстанга 190 гектар берилип, кайра алардан 190 гектар жер алынат. Ошондо Тажикстандын Кайрагач участогунан 155 гектар жер жана Кайрагач анклавынын 35 гектар жери (анклав жоюлду) Кыргызстанга өтөт.
Мунун ордуна Кыргызстан коңшу мамлекетке 190 гектар жер берет:
Саада участогунан 21 гектар;
Раззаков участогунан 23,5 гектар;
Селкан участогунан 4 гектар;
Майты участогунан 7 гектар;
Пролетарский участогунан 12,5 гектар;
Улак-Жай участогунан 17 гектар;
Ак-Арык участогунан 7 гектар;
Баткен районунун Кара-Бак участогунан 65 гектар;
Майты участогунан 35 гектар (Кайрагач анклавынын ордуна).
"Сельхан каналынын ылдыйындагы майда-чүйдө 2, 3, 5, 9 гектар болгон жердин баарын бердик. Алардын биздин жерде турган чоң жерлерин алмашып алдык", — деген Ташиев.
УКМК төрагасы баяндамасында Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын тактаганын айтып, коңшу өлкөнүн карамагына өткөн жана биз ээлик кыла турган аймактарды тизмектеген.