Ооз ачкан кафеде ичимдик сатылса орозо кабыл болобу? Муфтият суроолорго жооп берди

Sputnik
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бул жылы орозо 1-марттан башталарын маалымдаган. Тамак, ушак, жаман сөз, жаман жүрүм-турумдан тыйылуунун бир айлыгынын астында муфтияттан орозо кармоо эрежелери боюнча сурадык.
Суроолорго башкармалыктын адал индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр Токтогазы уулу жооп берди.
"Орозо — бул мектеп. Анда бир гана тамак-аш, суусундуктан гана эмес, руханий жактан дагы тазаланыш керек. Орозодо адам өзүн-өзү тарбиялайт. Жаман сөздөрдү айтуудан, ушактан, тилдөөдөн карманат. Ошондон алган күчү бир жылга жетсе сонун болот. Бул эми бардык учурда бизден талап кылынган адеп-ахлактар. Бирок орозо кармаган адам бирөөнү тилдесе, сөксө орозосунун сообу кемиши мүмкүн, орозо өзү бузулбайт", — деп түшүндүрдү ал.
Мындан тышкары, ооз ачырган адамга кайра жооп иретинде ооз ачыруу динде талап кылынбай турганын айтты. Ошондой эле саарлык ичпегендердин орозосу кабыл болорун, бирок саарлыкта сооп бар экенин кошумчалап, аны ичүү сунушталарын белгиледи.
Тема боюнча:
Орозо 2025. Ооз ачуу жана ооз бекитүү убактысы
Өзүмдү майыпмын деп эсептебейм. Параспортчу Бекбоосун Токтосун уулунун маеги