Кубаттуу Ан-22 – "Антейдин" тарыхы. Видео

1965-жылдын 27-февралында абага "Антей" деп аталган Ан-22 учагы – канаттуу титан көтөрүлгөн.
Sputnik
"Антей" дүйнөдөгү турбовинттүү жана фюзеляжы кең болгон биринчи учак. Аскердик-транспорттук техника Советтер Союзунун армиясы үчүн жасалган. Ан-22нин кубаты 80 тоннадан көп жүктү беш миң чакырымдан ашык жерге ташууга жетет.
"Антейди" өндүрүү 1976-жылы аяктаган. Сыноо үчүн пайдаланылган эки даанасын кошкондо жалпысынан 69 самолёт жасалган. Сериялык үлгүлөрү Ташкент шаарындагы Валерий Чкалов атындагы авиазаводдо куралып турган.
Ан-22 жүк ташуучу учак да болуп кала жаздаган. Долбоорго эки палубалуу, 724 кишиге ылайыкталган салон да кирген. Анда кинозал, эне-баланын бөлмөсү, ал тургай уктоочу купе да бар эле. Бирок бул кагаз жүзүндө кала берген. Анткен менен "Антей" бир жолу жүргүнчү каттамын жасаган. 1972-жылы Египеттен советтик дипломаттарды кошкондо бортко 700 кишини сыйдырып алып келген.
"Антей" эл чарбасында да колдонулуп, убакытты жана миллиондогон тонна мунайды үнөмдөгөн. Бул канаттуу титан Марина Попович аттуу учкуч аял жетектеген 12 кишилик экипаж менен 41 ирет дүйнөлүк рекорд койгон