БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. 28-февраль, жума күнү, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +2...+7, Талас аймагында -1...+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1...+6, Ысык-Көлдө +3...+8, Нарын өрөөнүндө -1...+4 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +4…+6, Ош шаарында +5...+7 градусту көрсөтөт.