“Стоп Кадр” программасында биз бүгүн “46 түн” тасмасы жөнүндө сүйлөшөбүз. Бул фильм чыныгы окуянын негизинде тартылган. Режиссер Айбек Бектемировдун айтымында, 1970-1990-жылдар аралыгында Кыргызстанда болгон чуулгандуу, үрөй учурган окуя экрандаштырылды. Жанры - триллер, детектив. Даректүү эмес көркөм тасма.
Михаил Лукьянов – бейиттерди ачып, аялдардын сөөгүн зордуктаган кишинин аты. Тергөөдө 35 кылмыш далилденген, бирок өзүнүн айтымында, ал 46 кылмыш жасаган. Кино “Такси” фильминин жаратуучулары тарабынан тартылды. Баса, режиссер өзү пандемия учурунда мүрзөдө көр казып иштегенин, ошол маалдан баштап жашоого болгон көз карашы өзгөргөнүн кошумчалады.