Өлкө аймагында эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарын алдын алуу максатында малдарды вакцинациялоо иштери жүрүп жатат. Айыл чарба министрлиги Ветеринардык кызматтын карамагындагы райондук жана шаардык башкармалыктарга малга сайылуучу вакциналар, биокаражаттар жеткирилип берилгенин кабарлады. Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында учурда вакцинациялоо иштери кандай жүрүп жатканы тууралуу, дегеле өлкө аймагында эпизоотиялык абал боюнча маектештик. Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Ветеринардык кызматынын Эпизоотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгынын улук инспектору Сырга Сапарбекова жооп берди.