Ажылык-2025: эмдөө, жаңы медициналык-санитардык талаптар, квота

Sputnik
Кыргызстанга 2025-жылкы ажылык үчүн 6060 квота берилди. Муфтият Меккедеги зыяратчылар үчүн бардык зарыл болгон шарттарды камсыздоо иштерин көзөмөлдөп, алардын сапарынын ар бир этабында сапаттуу кызмат көрсөтүлүшүн камсыз кылууга далаалат кылууда. 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу комиссиясынын иши, жаңы медициналык талаптар жана эмдөө тууралуу Азирети Муфтийдин орун басары, 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев маалымат берди.