БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Европарламенттин делегациясына Кыргызстан бир жактуу жана субъективдүү мамилеге туш болуп жатканын айтты. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы бүгүн Европа парламентинин адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури баштаган депутаттарды кабыл алды.
"Сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо Кыргызстандын негизги артыкчылыктары болуп саналат. Эл аралык коомчулуктун активдүү катышуучусу жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары Кыргызстан демократияны, мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө жана эл аралык милдеттенмелерди сактоо боюнча чараларды ырааттуу ишке ашырууда. Буга байланыштуу аталган резолюцияларды даярдоодо Европа кыргыз тараптан түшүндүрмө же кошумча маалымат сурабаганы таң калтырат", — деди Жапаров.
Европарламенттин депутаттары Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун кармалышы боюнча тынчсыздануусун билдиришти. Алардын суроолоруна укук коргоо органдарынын жетекчилери кеңири жооп беришкен.
Мамлекет башчысы айрым саясатчылардын ишмердүүлүгүнө байланышкан майда маселелер Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгына тоскоол болбошу керектигин белгиледи. Анын пикирин Европарламенттин делегация башчысы колдоду.