БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Депутат Исхак Масалиев Кыргызстан Улуу Британиянын колониясы эмес экенин айтып, Тышкы иштер министрлигинен "Керемет банкка" карата киргизилген санкция боюнча жооп берүүнү талап кылды.
Ал дүйнө жаман жакка өзгөрүп жатканын белгилеген.
"Дүйнө өзгөрүп, империялык адаттар кайра жанданууда. Улуу Британия Россия менен байланыш үчүн Кыргызстандагы "Керемет банкка" каршы санкцияларды киргизди. Анда алар Россияда иштеген миллиондогон жарандарыбызга санкция киргизиши керек болчу", — деп жазган эл өкүлү соцтармакка.
Ал тышкы саясат жана банк иштери боюнча Бишкектин Лондонго эч кандай милдеттенмеси жок экенин кошумчалаган.
Эске салсак, 24-февралда Улуу Британия Россияга карата санкцияларды жарыялаган. Тизмеге буга чейинки салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшкөн деп "Керемет банк" кошулган. Январь айында АКШнын Финансы министрлиги да "Керемет банкты" санкциялык тизмеге киргизген.