БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Украинага тынчтык орнотуучу макамындагы аскерлерди киргизүү боюнча айтып, бирок алардын жайгашышы бардык тараптарды нааразы кылбагандай болушу керектигин кошумчалады. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
"Тынчтык орнотуучулардын кирген шарты бизге башкалардын нааразылыгын жаратпагандай формада болушу керек", — деген Трамп.
Буга чейин Telegraph басылмасы Британия өкмөтүндөгү маалымат булагына таянып, Улуу Британия менен Франциянын башчылары Украинага чатак бүткөндөн кийин "тынчтык орнотуучуларды" жөнөтүүнү жашыруун талкуулап жатышканын жазган.
Маалымат берген кишилер Улуу Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер бул демилгеге анча баш бурбай тургандыгын, ал эми Франция лидери Эммануэль Макрон аскерлерди Украинага жөнөтүү керектигин улам айтып жатканын белгилеген.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы согуш аяктагандан кийин европалык аскерлердин тынчтык орнотуучулар катары аталган өлкөгө киришине каршы эместигин айткан эле. Мындан сырткары, бир катар ЖМКлар АКШ лидери Путин менен аталган маселени талкуулаган, РФ президенти мындай идеяга каршы эмес деген тейдеги маалыматтарды тараткан.
Ал арада РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Эр-Рияддагы Вашингтон өкүлдөрү менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында НАТО өлкөлөрүнөн Украинага тынчтык орнотуучулардын барышы Москвага ылайыктуу эместигин так кесе айткан.