Түркияда күйөөсүнөн жабыркаган аял уулу менен Кыргызстанга кайтып келди

Аэропортто чемодан менен келин. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Түркияда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган Г.К. 25-февралда баласы менен бирге аман-эсен Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Эске салсак, январь айында Түркиянын Анталья шаарында кыргызстандык аялга жолдошу бычак менен кол салганы кабарланган. ТИМ Түркиянын укук коргоо органдары менен сүйлөшүп, баласын апасына өткөрүп беришкен.
"Тышкы иштер министрлиги жабырлануучунун укуктарын коргоого жана анын коопсуз мекенине кайтып келишине көмөк көрсөткөн бардык тараптарга ыраазычылык билдирет", — деп айтылат маалыматта.
ТИМ кыйын кырдаалга туш болгон Кыргызстандын жарандарына ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн белгиледи.
Өспүрүм кыз үйдө ыйлап жатат. Иллюстративдик сүрөт
Майыптар менен балдарга жасалган сексуалдык зомбулук үчүн жаза катаалдады