Россиянын жакынкы өлкөлөр менен жүк ташуу көлөмү кандай өзгөрдү. Инфографика

Россия жүк ташуу көлөмүн арбытууну улантып жатат. Эгер сандар менен айтсак, төмөнкү көрсөткүчөрдү байкайбыз.
Sputnik
2024-жылы эл аралык багыттагы жүк ташуу боюнча сунуштар орто эсеп менен алганда 40 пайызга жогорулаган. Өсүш негизинен КМШ жана андан сырткаркы бир катар өлкөлөр менен автожүк ташуунун эсебинен болгон.
Экспорт. 2024-жылы Россиядан чыккан жүктөрдү ташууга түшкөн сунуштар 45 пайызды түзгөн.
Жакынкы өлкөлөрдүн ичинен Азербайжанда (69 пайыз), Беларуста (67 пайыз), Казакстанда (44 пайыз) өсүш байкалды.
Импорт. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен алганда Россияга башка өлкөлөрдөн жүк ташууга берилген сунуштар 36 пайызга өскөн.
Бул жаатта өсүш Азербайжанда (210 пайыз), Казакстанда (122 пайыз), Өзбекстанда (43 пайыз) байкалган.
Аны менен катар эле Россиянын Кытай менен болгон жүк алмашуусу активдүү экенин сандар көрсөтүп турат, тагыраагы, экспорт 52, ал эми импорт үч эсеге көп болгон.