Россиянын коңшулары менен товар алмашуусу рекорддук көрсөткүчкө жетти. Сандар

Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Россия өткөн жылы жакынкы өлкөлөр менен соода алакасынын көлөмүн рекорддук көрсөткүчкө, тагыраагы, 66,3 миллиард долларга көтөргөн. Бул пайыз менен алганда 15,5% болгонун Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
Бул жаатта негизги өнөктөш Казакстан, Армения жана Өзбекстан болгону статистикалык маалыматтарда айтылды.
Эгер сандар менен ала турган болсок, көрсөткүч төмөнкүдөй:
Казакстан — 27,8 миллиард доллар (2,8 пайыз);
Армения — 12,6 миллиард доллар, товар алмашуу 1,7 эсеге көтөрүлгөн;
Өзбекстан — 11,6 миллиард доллар, тагыраагы 17,2 пайызга өскөн.
Муну менен катар эле Россия менен Азербайжандын ортосундагы товар алмашуу 4,8 миллиард болгон. Ал эми коңшулардын ичинен Кыргызстан бешинчи орунга чыкты, тагыраагы, бул жааттагы көрсөткүч 3,2 миллиарддын тегерегинде экени айтылды. Эң соңку орунду Грузия камсыздап, көрсөткүч 2,5 миллиард долларга чамалап, 4 пайыз болду.
Пресс-борбор
Россия менен Кыргызстан товар алмашуу боюнча рекорддук көрсөткүчкө жетүү ниетинде