22 жылда 28 жолу иш которгон. Депутаттар маданият министрине талапкер тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрине Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлигин карап жатышат.
Маселе парламентте каралып баштаганда төрага Нурланбек Тургунбек уулу өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын мисал келтирип, Билим берүү, Саламаттык сактоо жана Маданият министрликтерине сөзсүз эле ушул жааттын адистери келишинин кажети жок экенин айтты.
"Жалаң маданияттын ичинен алып келгенде оңолбойт, мен мурдагы министр катары (2010-жылы маданият министри болгон — ред.) айтып коеюн. Ушул суроого келгенде адилеттүү болсоңуздар. Сөзсүз эле Эл артисти, Эл сүрөтчүсү эмес, сырттан алып келген ыкманы киргизип жатабыз, менеджер катары иштесин дейбиз. Ал жерде чыгармачыл топтор бар, министрдин милдети — ишти уюштуруу, саясатты жүргүзүү", — деди спикер.
Ал эми депутат Надира Нарматова Мирбек Мамбеталиевдин эмгек жолунун бай экенине таң калды.
"2003-жылдан бери 28 жолу кызмат алмаштырыпсыз, мамлекеттик кызматта 50 жыл иштеген адамдардын басып өткөн жолу дагы мындай эмес. Таң калычтуу. Сизди ушунчалык алмашкыс, бири-биринен талашкан кадр катары эсептейм", — деди Нарматова.
Эл өкүлү президент ишеним көрсөтүп жаткан соң Мамбеталиев аны жер каратпай иштээрине ишенип жатканын кошумчалады.
Маданият министринин милдетин аткаруучу Мирбек Мамбеталиевдин өмүр баяны