БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Маданият министрлигине талапкер Мирбек Мамбеталиевдин көпчүлүк суроолорго ынанымдуу жооп бере албаганы депутаттарды нааразы кылды.
Алгач депутат Сүйүн Өмүрзаков узаткан суроосуна алган жоопко канааттанбаганын айтты. Буга утурлай Камила Талиева талапкерге суроо бербей турганын, баары бир жооп ала албасын айтып, президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.
"Министрликке талапкерлерди "ырымын" кылып кичине даярдап келгиле да, эми биз нотариус эмеспиз го. Президент сунуштаган кадрды, албетте, колдойбуз. Бирок эми коомчулук карап турат, кичине программасын айтып берип койсун да", — деди Талиева.
Артынан суроо узаткан Мирлан Самыйкожо министрлик идеология боюнча эмне кыларын, чыгармачыл союздар жана тарыхый имараттар боюнча суроо узатты.
"Мирлан мырза, мен эми министрликке жаңы келгениме байланыштуу көп маалыматтарды тактаганга жетишкен жокмун", — деди Мамбеталиев.
Ал бир-эки айда жумуш нугуна түшөрүн убадалады. Буга эл өкүлү "сөз жок, рахмат..." деп микрофонун өчүрүп, жанындагыга ийнин куушурду.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрине Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлиги колдоп беришти.