БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден эскертишти.
Маалыматка ылайык, болуп жаткан жана күтүлгөн жаан-чачындан улам ашууларда көчкү жана кар күрткү түшүшү ыктымал.
Министрлик айдоочуларга алыска сапарга чыгууда сак болууга, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырды.