БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Ош шаарында жардын кырында жашагандарга башка жакка көчүү эскертилди.
ӨКМдин маалыматына караганда, шаардагы Ленин көчөсүндөгү 68 үй-бүлө жардын боорунда жашайт. Ал жерде дүкөн, күркөлөр дагы бар. Министрлик аларга башка жактан жер берилгенин айтып, бирок жашоочулар алыс деп көчпөй жатканын билдирди.
Ведомство жаз келип күн жылыганда табигый кырсыктар активдешерин айтып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.