БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Министрлер кабинети 1,7 миллиард доллар еврооблигация чыгарууну көздөп жатат. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев Жогорку Кеңеште билдирди.
Ал парламентте өкмөттүн тиешелүү тескемеси боюнча баяндама жасады.
"Финансы министрлиги 1 миллиард 700 миллион доллар еврооблигация чыгарууну пландаштырууда. Жүгүртүү мөөнөтү 10 жылга чейин жана ар кандай валютада (доллар, евро, юань жана сом) болот", — деди Аманбаев.
Каражат энергетика тармагына жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго жумшалары белгиленди.