БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеште жакында Суу чарба департаментинин директорунун иштен алынганы сынга алынды.
Буга чейин президенттик администрациянын коллегиясынын жыйынтыгы боюнча бир нече аткаминерге тартиптик чара колдонулган. Анын арасынан айыл чарба министринин орун басары Алмаз Сокеев иштен алынган.
Аталган маселени ЖКда депутат Балбак Түлөбаев көтөрүп, чечимге түшүнбөй калганын айткан.
"Алмаз Сокеев жакшы иштеп жаткан. Эмне себептен мындай болгонун билбейм. Өкмөттүн кадр саясатына кийлигише албайм, бирок депутат катары айтып жатам. Минкаб иштен алчуларды албай, албай тургандарды бошотосуңар. Ушуга таң калам", — деди эл өкүлү.
Анын сөзүнө парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кошулуп, аткаруу бийлиги ушундай учурларда терең анализ кылышы керектигин белгиледи. Ошондой эле Камила Талиева да бул сөздү коштоду.
"Кадрдык таңсыктык деп жатасыңар. Санариптик өнүктүрүү жана маданият министрлигине келгендердин деңгээлин карагыла. Айла жоктон колдоп берип жатабыз да. Алмаз Сокеев институттук эс тутуму бар киши. Анчалык суу саясатын аткарчу киши жок. Ал бардык БДР, БСРлер боюнча көйгөйдү жакшы билет", — деди Талиева.
Депутат өкөмөт күчтүү кадрларды иштетиши керектигин кошумчалады.
Ал эми Надира Нарматова Расул Абазбек уулу Билим берүү министрлигин алдыга тарткан, универсал адис экенин айтып, аны кызматына кайтарууну суранды.