Ташиев Баткенде 10 миң орундуу футбол стадионунун курулушуна капсула салды

Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Камчыбек Ташиев Баткенде 10 миң орундуу футбол стадионунун курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлады.
1 / 3

Камчыбек Ташиев Баткенде 10 миң орундуу футбол стадионунун курулушуна капсула салды

2 / 3

Маалыматка караганда, 10 гектар жерге үч машыгуучу талаа жана негизги арена курулат

3 / 3

Стадиондун аймагына 100 кишилик жатакана жана 200 орундуу унаа токтотуучу жай курулары белгиленди

Маалыматка караганда, 10 гектар жерге үч машыгуучу талаа жана негизги арена курулат.
"Эмдиги жылы стадиондун курулушу бүтөт деп пландап жатабыз. Баткенден мыкты футболчулар чыгат. Ошого шарт түзүү үчүн атайын келдим", — деген Ташиев.
Стадиондун аймагына 100 кишилик жатакана жана 200 орундуу унаа токтотуучу жай курулары белгиленди.
Азия кубогу Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүндө өтүшү ыктымал